Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин багындырды

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Норвегиянын Осло шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Жоламан Шаршенбеков финалдык беттеште молдовалык спортчу Виктор Чобану менен беттешип 3:9 эсебинде утулду.

Эске сала кетсек, Чобану менен Шаршенбеков 2021-жылы Жапониянын Токио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында жарым финалга өтүү үчүн күрөшкөн болчу.

Жоламан Шаршенбеков турнирге 60 килограмм салмакта катышып, төрт беттеш өткөрдү. Алгачкы беттеште беларустук балбан Максим Кажарскини 2:0, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаршвилини 5:2 эсебинде уткан. Андан кийин жарым финалда азербайжандык спортчу Мурад Маммадовду 4:2 эсебинде жеңип, финалга өткөн болчу.

Шаршенбеков 22 жашта. Ал кадеттер арасында Азия жана Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. 2017-жылы жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатынын күмүш байгелерин алган. Чоңдор арасында Азия чемпионатында эки жолу күмүш байгеге ээ болгон.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында өттү. Буга чейин эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова алтын байгени, Айпери Медет кызы, Алибек Осмонов коло медалды багындырган. Ал эми Эрназар Акматалиев күмүш байгеге ээ болгон.