Энергокризис: Министрлер кабинети энергетиктерге эки көмөкчү чордон курууну тапшырды

Министрлер кабинети Улуттук энергохолдингге, «Түндүкэлектрого» жана «Кыргызстандын улуттук электр тармактарына» (КУЭТ) кыска мөөнөттүн ичинде «Озёрная» жана «Ипподромная» 110 киловольттуу көмөкчү чордондорун куруу боюнча маселени иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2021-2022-жылга карата күз-кышкы мезгилине даярдануу боюнча 30-сентябрдагы токтомуна таянып Tazabek жазды.

Мындан тышкары, бул түзүмдөргө учурда иштеп жаткан тармактарды жеңилдетүү үчүн 110/6 кВ «Ленин заводу» көмөкчү чордонун калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле министрлер кабинети аталган мекемелер 2022-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүнөн 2 млрд кВтс көлөмүндө электр энергиясын импорттоо маселесин дагы иштеп чыгышы керек деп эсептейт.

Үнөмдөөгө чакырабыз

Кыргызстан узап бараткан жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске кабылды. Бийлик буга аймактарда суу тартыш болгону башкы себеп деп атоодо. Мындан улам өлкөнү 40-50%га электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн болууда.

Буга байланыштуу бийлик жана энергетиктер кыргызстандыктарды «электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга» үндөп баштады. Бирок КУЭТтин маалыматына ылайык, суук түшкөндүктөн өлкө боюнча электр энергиясын жагуу көбөйгөнү байкалууда.

Алсак, 6-октябрда электр энергиясы сутка ичинде 39,9 млн кВтс жагылган, ошол эле кезде лимити 32,4 млн кВтс болгон.Элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакыруудан тышкары, бийлик жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүш үчүн коңшу мамлекеттерден дагы электр энергиясын импорттоп жатат.

Электр энергиясын импорттоо

Мурдараак Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Андан тышкары өлкөгө 2 млрд киловатт саат электр энергиясын алуу боюнча Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда келишимге кол коюлган.

Министр Бекмурзаевдин айтымында, учурда Казакстан аркылуу электр энергиясын импорттоо боюнча Орусия менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлүп жатат. Орусиядан 2-3 миллиард кВт/саат электр энергиясын алуу пландалууда.

Бийлик 1-октябрдан тартып Тажикстандан дагы электр энергиясын ала баштаганын билдирген. Бирок тажик тарап, аны импорт эмес, алмашуу деп атаган.