Ош — Папан жолундагы көпүрө көмүр ташып бараткан унаа менен кошо кулады

11-октябрда Ош шаары менен Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүн бириктирген негизги автожолдогу көпүрө кулап түштү. Ал көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унааны көтөрө албай калган.

ӨКМден билдиришкендей, кырсык Ош — Папан — Кожокелен унаа жолунун 24-чакырымында саат 15:30 чамасында орун алган. Оор жүк ташыган унаанын ичиндеги эки киши секирүүгө үлгүрүп аман калды.

Кырсыктын чоо-жайын тактоо үчүн жерине ӨКМдин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы барды. Учурда унаалар айыл өкмөткө Ноокат, Кара-Сөгөт айылдары аркылуу каттап жатат.

Аталган айыл өкмөттө Кожо-Келең жана Загара көмүр кендери жайгашкан, аны сегиз компания казат.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тарылга айылынын тургундары көмүр ташыган унаалар алардын жолдорун бузуп жатканын, айрымдарынын үйлөрүндө жарака кете баштаганын айтып нааразы болушкан.

Ошондой эле алар өткөн жылы жолду тосуп, көмүр ташыгандардан көчөгө асфальт төшөп берүүнү же болбосо унаалардын башка жол менен жүрүүсүн талап кылышкан.