Саламаттык сактоо министрлиги 167 млн сомго 43 тез жардам унаасын алууга тендер жарыялады

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 43 медициналык тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады. Тендер Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Мамлекетти сатып алуулар порталынан скриншот 

Конкурстук тапшырманын маалыматына ылайык, министрлик 43 тез жардам унаасын алууга 167 млн 700 миң сом сарптагысы келет. Тендер 8-октябрда жарыяланган, ал 1-ноябрга чейин уланат.

Тендердин техникалык тапшырмасында машиналар жергиликтүү климаттык шартта тынымсыз иштөөгө жарактуу, ошондой эле чукул колдонууга даяр болушу керек деп айтылат.

Кыргызстанда тез жардам унаалары жетишсиз экени бир топ жылдан бери байкалып келет. Айрыкча бул маселе 2020-жылдын июнь-июль айларында, тактап айтканда, пандемия күчөп турган мезгилде сезилген.

Өкмөт кээде тез жардам унаалары келгени жана сатып алынганы тууралуу билдирип турат. Мындан тышкары, 2019-жылдын башында бийлик «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн штрафтардын бир бөлүгүн тез жардам кызматын өнүктүрүүгө жумшоону чечкен.