Бир кадр менен: Бишкектеги «Нарын» ресторанынын урандысы

Фотограф Рустем Ильясов Instagram барагында Бишкектеги «Нарын» ресторанынын урандыларынын сүрөтүн жарыялады.

Бишкектеги «Нарын» ресторанынын урандысы. Сүрөт: Рустем Ильясов

«Нарын» рестораны XX кылымдын 80-жылдарында курулган. 2005-жылы март айында Аскар Акаевдин бийлиги кулатылгандан кийин аталган имарат колдон колго өтүп келген. Имарат түнкү клуб, казино катарында пайдаланылып, андан кийин 10 жыл кароосуз калган. Бийлик узак убакыт бою имаратты сүрдүрүү маселесин талкуулап, аны 2017-жылы гана сүрдүрө баштаган.

Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, ресторандын имаратын жеке инвесторлор сүрдүрө башташкан. Анын ордуна 20 кабатту «Хуалинь» кеңсе-мейманкана комплексин куруу пландалууда.

Мурдараак Имарат 5,5 млн долларга сатыкка чыгарылган.