Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде экинчи орунга чыкты

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Токиодо өткөн Олимпиада-2020 оюндарынын коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга чыкты.

Тизме жакында эле Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан кийин жаңыланды. Анда Жуманазарова 68 кг чейинки салмак категориясында алтын медалга ээ болгон.

UWW сайтынан скриншот.

Балбан кыздын алдында америкалык Тамира Сток Менса турат. Экөөнүн айырмачылыгы болгону 9 упай. Жуманазаровадан кийин нигериялык Блэссинг Оборудуду келе жатат. Ал кыргызстандык балбандан 24 упай артта калган.

Төртүнчү орунда — орусиялык Ханум Велиева, ал эми бешинчи Чехиянын спортчусу — Адела Ханзликова.