«УКМКда иштейм». «Али Токтакунов МедиаХабынын» иликтөөчү журналистине коркутуу болду

Мээрим Айныкеева

«Али Токтакунов МедиаХабынын» иликтөөчү журналисти Мээрим Айныкеева өзүн «УКМКнын кызматкеримин» деп атаган белгисиз киши тарабынан коркутууга жана басымга туш болду. Бул тууралуу журналист Али Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, окуя 11-октябрдын кечинде Бишкек шаарындагы Токтогул жана Манас көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Шахрезада» кафесинде орун алган.

Айныкеева курбулары менен чогуу отурганда бейтааныш киши жолун тороп, анын мурда кайсыл жакта иштегени, жерлиги жана жеке турмушу тууралуу билерин айткан.

Ошондой эле «Али Токтакунов кандай адам, азыр каякта?» деген суроолорду берип, кыздардын жанынан кетпей койгон. Журналист жана анын курбулары кафеден чыгып кеткенде да артынан калган эмес.

Мындан улам Айныкеева кишини сүрөткө тартып алганда, ал телефонун жулуп алууга аракет кылып, өзүн «УКМКда иштейм» деп тааныштырган. Журналист курбулары менен кетип баратканда киши кимдир бирөөгө телефондон «ал такси чакырды» деп кабарлаган.

Токтакунов өзү кишинин бул аракетин «кылмыш» деп атап, ал ким экенин тактап жатышканын билдирди. Ошондой эле ал «эгер киши өзү айткандай эле атайын кызматта иштесе, анда бул УКМКнын эркин журналист Мээрим Айныкеевага жана мага карата басымы» деп айтты.

«Мындай зомбулук — коркоктун иши. Биздин иликтөөлөр кимдир бирөөнүн түн уйкусун бузуп атканынын белгиси. Экинчиден Али Токтакуновго кыр көрсөтүп коюу аракети болушу мүмкүн [...] Бийлик сөз эркиндигин коргойбуз деп айтып келатат. Эгер сөзүнө бек болсо мындай жолго барбашы керек», — деди ал.

«Сомо», «Орто-Токой», Орхан Инандынын уурдалышы

Мээрим Айныкеева бир катар чуулгандуу иликтөөлөрдүн авторлорунун бири. Буга чейин Akchabar.kg маалымат агенттигинде иштеген.

Үстүбүздөгү жылдан тарта «Али Токтакунов МедиаХабында» иштеп келет. Айныкеева кесиптештери менен бирге чыгарган акыркы иликтөөсү «Сомо» күрөөканасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон.

Анда «МедиаХабдын» журналисттери «Сомо» жарандарга чоң үстөк пайыз менен насыя бергени жана андан түшкөн каражаттар латвиялык ишкерди байытып жатканын аныкташкан. Карыз берүүнүн жылдык үстөгү 600%га чейин жеткен учурлар болгон.

Журналисттер сурамжылаган адамдардын 73 пайызынын тапканы айлык керектөө корзинасынан (6332 сом) аз, же таптакыр кирешеси жок. Каражатты негизинен дарыга жана дарыланууга, азык-түлүк алганга жана батир акысын төлөгөнгө алышкан.

Ошондой эле, «Сомодон» карыз алып төлөй албай калган жарандар журналисттерге курган маегинде аларга күнү-түнү коркутуулар камтылган билдирүүлөр келип турганын белгилешкен.

Ал эми сентябрь айында Айныкееванын «Орто-Токой суу сактагычы эмнеге соолуду» деген аталыштагы иликтөөсү чыккан. Анда кыргыз дыйкандарында суу тартыш болуп жатканда, суунун көпчүлүк бөлүгү Казакстанга кетип жатканы айтылган.

Мындан сырткары Айныкеева кесиптештери менен бирге июнь айынын башында Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган Орхан Инандынын жоголушундагы күмөн жараткан жагдайларды иликтеген. Анда журналисттер Инандыны аңдып жүргөн болушу мүмкүн делген кишилерди тапкан, мындан сырткары Инанды менен кошо дагы бир кыргыз жараны дайынсыз болуп жатканы белгилүү болгон.