Шайлоо-2021: «Альянс» 13 талапкерди ачыктады, съездге дагы кимдер катышты?

Сүрөт: «Альянс» партиясы

«Альянс» саясий партиясы 12-октябрда съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитти. Ошондой эле, партиянын мүчөлөрү депутаттар Мирлан Жээнчороев менен Жанар Акаевди «Альянстын» тең төрагалары кылып шайлашты.

Саясий бирикмеге «Бир Бол», «Кыргызстан либерал-демократиялык партиясы», «Адилеттүү Кыргызстан» жана башка партиялар кошулду.

Ал эми «Альянстын» тизмесиндеги алдыңкы эки орунду Жээнчороев менен Акаев ээледи. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Жээнчороев «Республика», ал эми Акаев «Ата Мекен» партияларын жетектеп барышкан.

Жээнчороев 2015-жылы «Республика — Ата-Журттан» Жогорку Кеңешке шайланып, 2019-жылы Өмүрбек Бабановдун ордуна партиянын лидери болгон.

Ал эми Жанар Акаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп, КСДП партиясы менен парламентке өткөн. Бирок 2017-жылы Акаев КСДПнын тизмесинен чыгарылган — буга саясатчынын «позициясы фракциянын позициясы менен туура келбегени» себеп болгон.

Мындан сырткары партиянын тизмесине төмөнкү кишилер кирди:

  • Чыңгыз Айдарбеков — мурдагы Тышкы иштер министри. Ал бул кызматка 2018-жылы дайындалып, бирок өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин кызматынан бошотулган. Кийинчерээк Айдарбеков ошол кезде президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп, көп өтпөй бул кызматтан да кеткен.
  • Алтынбек Сулайманов — «Бир Бол» партиясынын лидери жана парламенттин депутаты. Саясатчы 2007-жылы бозгун президент Курманбек Бакиевдин «Ак жол» партиясынан, 2010-жылы «Республикадан» парламентке депутат болуп шайланган. Буга чейин айрым ЖМКлар Сулайманов уюшкан кылмыштуу топко тиешеси болгонун жазышкан, бирок саясатчы бул маалыматты четке кагып келет.
  • Элдар Абакиров — Экономика министринин мурдагы орун басары. Ал 2021-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 0,5% добушун алган;
  • Айсулуу Мамашова — Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын депутаты. 2020-жылы ал «Замандаш» партиясы менен шайлоого катышкан;
  • Максатбек Сулайманов — «Электр станциялар» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү жана Социалдык фонддун Свердлов райондук башкармалыгынын башчысы;
  • Жолдошбек Кожобеков — «Инженер Строй Сервис» ЖЧКсынын директорунун орун басары.

Мындан сырткары, «Альянстын» тизмесинде журналисттер Эрнис Кыязов, Чынара Капарова жана Космос Чыдынов да бар. Капарова өткөн жылдагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен барган. Ал эми Кыязов 2018-2021-жылдары мамлекеттик «5-каналды» жетектеген. Чыдынов болсо 11-июлдагы Бишкек шаардык кеңешке шайлоого «Биздин Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

«Альянстын» съездинде депутат Абдывахаб Нурбаев да байкалды — ал «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошондой эле иш-чарага депутат Дастан Бекешов да катышты — анын «Ак-Ниет» партиясы да шайлоого катышуу үчүн арыз берген.

Мындан сырткары, «Альянстын» курултайында депутаттар Таабалды Тиллаев, Сайдулла Нышанов, Гүлкан Молдобекова жана Дүйшөн Төрөкулов болду. Ал эми Ош шаардык кеңешинен «Бир Болдун» депутаты Эсенбек Арзиев катышты.

*2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Молдобекова менен Тиллаев «Мекеним Кыргызстан», ал эми Нышанов «Кыргызстан» партиясынын катарында болгон. Ал эми «Бир Болдун» депутаты Төрөкулов Оштогу терини кайра иштетүүчү заводду басып алууга жана коррупцияга шектелүүдө.

Съездде Каржы полициясынын мурдагы төрага орун басары Эмил Жамгырчиев да байкалды. Жамгырчиев өткөн жылдын октябрь айында «өзгөчө ири өлчөмдөгү пара алууга» шектелип, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал эми үстүбуздөгү жылдын февраль айында Жамгырчиев мамлекетке келтирген 20 млн сомдук зыянды ордуна келтирип, үй камагына чыгарылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоо-2021: «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын алдын ала тизмеси жарыяланды

Шайлоо-2021: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду