Бир кадр менен: Чүй облусунда чакан Сокулук ГЭС-2 ишке киргизилди

Чакан Сокулук ГЭСи-2. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президенттин басма сөз кызматы 14-октябрда Садыр Жапаров Чүй облусунда чакан Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине катышканын билдирди.

Жапаров гидроэлектрстанциянын ачылышында электр энергиясына жаңы тарифтердин кабыл алынышы менен энергоситемада бюрократияны жоюу өлкөдө «жашыл энергетиканы» өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенерин айтты.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы Сокулук ГЭСин жеке ишкерлер өз күчү менен, мамлекеттин жана донорлордун катышуусу жок ишке киргизишкенин белгилешти. Президент инвесторлорду дагы өлкөнүн экономикасына салым кошууга чакырды.

«Сокулук ГЭС-2 ишке кирсе Чүй облусуна электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйөт, тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электроэнергиясы менен камсыздайт», — деп түшүндүрүштү Жапаровдун администрациясынан.

Сокулук ГЭС-2 алгачкы жолу 1960-жылы ишке киргизилген, бирок союз кулагандан кийин станция консервацияга алынган. 2007-жылы ГЭСтин бардык техникалык жабдуулары бөлүктөргө-бөлүнүп, талкаланганы белгилүү болгон, ошондуктан аны кайра ишке берүү үчүн толугу менен реконструкция кылуу талап кылынган.