Президенттин убадасы: «Добуш сатып алуу токтосо, админресурс колдонулбайт»

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант бергенден кийин келерки парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттарга кайрылды. Кайрылуусунда ал талапкерлерди шайлоочуларды сатып албоого чакырды. 

Мамлекет башчысы азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көбү кайрадан партиялар менен же өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катары шайлоого катышууну көздөп жатканын белгиледи.

«Менин сиздерден суранаарым, келиңиздер, шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет. [...] Мурдагыдай мугалим, врач, айыл өкмөт, аким жана башка мамлекеттик кызматта иштегендер кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүшүнө бөгөт коебуз. Түп-тамырынан андай аракеттерди кыркабыз. Бул жолу элдин эркин тандоосун камсыздоого аракет кылабыз. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер шайлоого аралашып же кайсы бир талапкерге иштеп жүргөнү аныкталса, кызматтан алып эле тим болбостон, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жазага тартабыз[...] Ал эми элдин добушун сатып алам дегендерге жалпы элдин, таза талапкерлер менен таза партиялардын жардамы керек болот», — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген жана аралаш система аркылуу өтөт. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат.

Алардын ичинен 54 эл өкүлү пропорционалдык система менен бирдиктүү шайлоо округунан шайланса, калган 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан шайланат.