«15-октябрда үйлөнмөк». Ноокатта авто кырсыкка кабылган жигит үч күндөн бери комада

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Ноокат районунда үч күн мурда жол кырсыгынан жабыркап комага түшкөн 24 жаштагы жигиттин бүгүн, 15-октябрда, үлпөт тою болмок. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, жигиттин комага түшүүсү менен аяктаган кырсык 12-октябрь күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда Көк-Бел айылынан Ноокат шаарына бара жаткан «Лексус LХ 450» унаасынын айдоочусу Чеч-Дөбө айылында жол четинде токтоп турган «Хендай Аванте» менен кагышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, «Хендай Авантенин» айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны көрүп жолдун четине токтогон учурда «Лексус» келип сүзгөн. Ал эми «Лексустун» айдоочусу мас абалында болгондуктан окуя болгон жерден качып кеткен.

Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат, ал эми жабырлануучу эс учуна келе элек.

102.kg порталынын маалыматына ылайык, өлкөдө июнь айынан октябрдын башына чейин эле 699 авто кырсык катталды. Анын кесепетинен 1 041 адам жаракат алып, 93 киши каза тапты.

Жол кырсыктары көбөйгөндүктөн президент Садыр Жапаров 2021-жылы 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.