Эркинбек Салымбеков «Коррупция» беренеси боюнча кармалганы белгилүү болду

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 15-октябрда ишкер Эркинбек Салымбеков «Коррупция» беренеси боюнча шектелип жатканын билдирди. Ал 2021-жылдын 6-декабрына чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.

УКМК Салымбековду кайсы күнү кармаганы тууралуу ар кандай маалымат айтылып жатат. Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, ал 12-октябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми AKIpress маалымат агенттиги Салымбеков 13-октябрда кармалганын жазган.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, ага бажыдагы мыйзамсыз схемалар боюнча айып тагылууда. Эркинбек Салымбековдун эмнеге шектелип жатканы белгисиз», — деп 24.kg жазган.

УКМК болсо Эркинбек Салымбековдун кармалганы тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Ошол эле учурда, ишкердин атасы Мамытбай Салымбеков журналисттерге уулу Эркинбектин кармалганы тууралуу эч нерсе билбестигин айткан.

«Билбейм. Эч кандай маалыматым жок. Экөөбүз бүгүн эле сүйлөштүк», — деген ал 14-октябрда Vesti.kg басылмасына курган маегинде.

Салымбековдордун үй-бүлөсүнө өлкөдөгү «Дордой» базары жана башка бир катар ар башка тармактардагы бизнестер таандык. Бул үй-бүлөнүн жүзү — Аскар Салымбеков. Ал «Эмгек» партиясынын негиздөөчүсү жана лидери.

Эркинбек Салымбеков Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, бир катар компаниялардын, анын ичинде «Дордой Моторс ЖЧКнын» негиздөөчүсү жана жетекчиси.

«Эмгек» 2021-жылдын жайында Бишкек шаардык кеңешине шайланып келген. Ал шаардык кеңештин 11 мандатына ээ болгон.