КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Бактияр Алиев

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Бактияр Алиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты «Клоопко» КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Сыягүл Караман тастыктады.

«Алиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-октябрда жазды. Алиевдин ордуна КТРК жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Кайрат Иманалиевдин талапкерлигин колдоп бердик», — деди ал.

Бактияр Алиев октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашуунун шартында, 2020-жылдын 30-декабрында КТРКнын башкы директору болуп дайындалган.

КТРКнын директорлорунун алмашуусу

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашып, 2019-жылдын март айынан бери КТРКны жетектеп келген Жайнак Үсөн уулу кызматын тапшырган.

Каналдын директорлугуна диктор Чынара Капарованын, акын Мирлан Самыйкожонун, байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдыз Бакашованын жана КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Уракунованын талапкерлиги каралган.

Талаш-тартыштан соң директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Жылдыз Бакашова дайындалган. 14-октябрда Жылдыз Бакашова өз арызы менен кызматтан кеткен.

30-декабрда КТРКнын байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 11и Бактияр Алиевге добуш берген. Алиев өзү 2009-жылдан баштап КТРКда иштеп келет.

Кайрат Иманалиев деген ким?

Кайрат Иманалиев

44 жаштагы Иманалиев Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.

Ал Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалган.

Ошондой эле Ала-Тоо аянтында Жапонияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга арналган салтанаттуу иш чарада чемпиондорго сөз бербегени үчүн Садыр Жапаров ага эл алдында «сөгүш» жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетин отставкага кетирип, минкабдын жаңы курамы менен түзүмүн дайындагандан кийин Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлигинен кеткен. Анын ордуна 2018-жылы маданият министрлигин башкарган Азамат Жаманкулов келди.