Башкы прокуратура: Сокулуктун милициясы иштерди кыскартуу үчүн документтерди жасалмалаган

Сокулук РИИБи 

Чүй облусунун Сокулук райондук милициясынын жоопту кызматкерлери бир нече кылмыш иштерди кыскартуу үчүн документтерди жасалмалаган. Бул тууралуу Башкы прократуранын басма сөз кызматы 15-октябрда билдирди.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Сокулук РИИБнин кызматкерлери бул аркеттерди «өздөрүнүн иштеринин натыйжалуулугун, көрсөткүчтөрүн көбөйтүп көрсөтүү максатында» жасашкан.

Мисал катары Башкы прокуратура 2019-жылы катталган «Ата-Тоо №3 конушунда уюлдук телефон урдоо» ишин көрсөттү — аталган иш 2021-жылдын март айында мыйзамсыз кыскартылганы айтылууда.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери бир дагы тергөө ишин жүргүзбөй, жабырлануучунун атынан тосмо арыз жасалмалашкан. Ошондой эле, күч органдары жабырлануучунун атынан сурак протоколун да бурмалашкан.

«[Мындан сырткары] аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан башка дагы эки жазык иштери боюнча жабырлануучулардын ишти кыскартуу тууралуу арыздары бурмаланганып, кол тамгалары жасалмаланган. Анын натыйжасында жазык иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштөр мыйзамсыз кыскартылгандыгы тастыкталган», — деп берилет прократуранын билдирүүсүндө.

Сокулук РИИБнин кызматкерлеринин аракеттери боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Далилдерди бурмалоо» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.