Өзгөндө пенсионер милиция тарабынан кыйноолорго кабылганын айтып чыкты

Сүрөт: Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шералы айылынын 60 жаштагы тургуну 11-октябрда Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборуна арыз менен кайрылды. Тургун Өзгөн райондук милициянын кызматкерлери аны сабап, «сексуалдык зомбулук менен коркутушканын» айтып чыкты.

Жабыркаган пенсионердин айтымында, 5-октябрда милиция кызматкерлери анын 85 жаштагы кошунасынын өлүмү боюнча аны Өзгөн РИИБсине суракка чакырган. Ошондой эле, күч органдары анын үйүндө «документтерди көрсөтпөстөн» тинтүү жүргүзгөн.

Сурак маалында милиционерлер түшүнүк кат жазууну айтып, бирок анын «мазмунуна нааразы болуп, пенсионердин бетине урушуп, уятсыз сөздөрдү айта баштаган». Мындан улам ал түшүнүк катты 15 жолу кайра жазууга аргасыз болгон.

«Алар мени сабай баштаганда мен алардан: “Эмнеге мени уруп жатасыңар? Мен 60 жаштамын, токтоткула” деп сурадым. Бирок бул адамдар токтогон жок. Алар мени кошунамды өлтүргөнүмдү мойнума алууну талап кылып, боор тушка, буттарыма жана башыма сабашты. Анан алардын бири таяк жана презерватив алып келип, сексуалдык зомбулук менен коркуткан. Алар менин шымымды чечип салышты. Мен полдо отуруп, ыйлап, аны токтотууну сурандым», — деп жазган ал арызында.

Мындан сырткары, жабырлануучу милиция кызматкерлеринин бири «кылмыш ишин токтотуу үчүн» баласына таандык унааны ага каттоону талап кылганын кошумчалады. Маалыматка ылайык, жабырлануучу 2-топтогу майып жана Ооганстандагы согуштук аракеттердин катышуучусу.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбору Ош облусунун прокуратурасына билдирүү менен кайрылышты.