БШК: Кадамжайда добуш сатып алуу болгону тууралуу маалымат ИИМге жөнөтүлдү

Нурали Талипов

Боршайкомдун ыкчам чара көрүүчү тобуна Баткендеги №3 Кадамжай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер Нурали Талипов добуш сатып алып жатышы ыктымал деген маалымат түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талипов Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы Көксал Топтан атындагы мектебинин мугалимдерине жана окуучуларына атайын форма белек кылган.

«Бул фактыны текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн маалымат Ички иштер министрлигине жиберилди», — деп билдиришти БШКдан.

Жеке ишкер Талипов Көксал Топтан атындагы мектебине жардам көрсөткөнү тууралуу репортаж «Азаттыктын» барагына 14-сентябрда жарыяланган. Анда ишкер «өзү окуп кеткен мектепке демөөрчү болгонду туура көрдүм» деп билдирген.

Ал эми парламенттик шайлоого катышуу ниетин Талипов 21-сентябрда билдирип, 1-октябрда шайлоо күрөсүн төккөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров парламенттик отурумда депутаттарга кайрылып, аларды добуштарды сатып албоого чакырган. Өз кезегинде өлкө башчы административдик ресурс колдонулбайт деп убадалаган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Жалпысынан шайлоого бир мандаттуу округдардан катышуу ниетин 381 талапкер билдирди.