БШК: Бир мандаттуу округдардан 381 адамдын талапкерлиги көрсөтүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосуна бир мандаттуу округдардан катышууну каалаган талапкерлерден арыздарды кабыл алууну жыйынтыктады.

13-октябрга крата 381 адам талапкерлигин көрсөткөнү, алардын болгону 31и гана аял экени кабарланды.

БШКнын маалыматына ылайык, 373 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жана 8 талапкер 7 партиядан көрсөтүлгөн. Боршайкомдун басма сөз кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер менен партиялар 18-октябрь саат 18:00гө чейин катталуу үчүн бардык керектүү документтерди алып келип бериши керектигин билдиришти.

13-октябрга карата маалыматка таянсак, шайлоого катышу ниетин билдирген 73 партиянын ичинен 23ү талапкерлердин тизмесин көрсөткөн.

Андан соң, Боршайком документ кабыл алып баштагандан тартып 10 күндүн аралыгында алардын мыйзамга тууралыгын текшерип, талапкерди же партиянын талапкерлеринин тизмесин катоо же каттабоо чечимин кабыл алат.

Парламенттик шайлоо 2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан түзүлөт. Алардын ичинен аялдарга болгону 18 орун берилет. Эл өкүлдөрү беш жылга шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы менен өтөт. 54 эл өкүлү бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча, ал эми 36 эл өкүлү бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система менен шайланат.

Тема боюнча: Президенттин убадасы: «Добуш сатып алуу токтосо, админресурс колдонулбайт»