Нуржан Шайлдабекова: БШК добуш берүүнүн купуялуулугуна толугу менен кепилдик берет

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялуулугуна толугу менен кепилдик берет. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Биринчи радиого» курган маегинде билдирди.

«Добуш берүүгө таасир этүүгө эч кимдин укугу жок. Биздин азыркы системада добуш берүүнүн купуялуулугу толугу менен кепилденет. Демек, бирөө басым кылган учурда дагы, биздин шайлоо системасында өз эркин эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бар, шарттар бар», — деди Шайлдабекова.

Боршайкомдун төрайымынын айтымында, акча таратып добуш сатып алган талапкерлер «автоматташтырылган эсептөөчү урна (АСУ) аркылуу кимге добуш бергениңди билип алабыз» деп шайлоочуларды коркутуп, туура эмес маалымат тараткан учурлар болушу мүмкүн.

«“Билип алабыз, акча алгандан кийин тигиге добуш бер” деп басым жасалышы мүмкүн [...] Биз мурда бул маалымат [добуш берүүнүн купуя болору] баарына белгилүү деп эсептечүбүз. Азыр анализдеп көрсөк, көп учурда ушундай туура эмес маалыматтарга шайлоочуларыбыз ишенет экен», — деди ал.

Аны менен катар, шайлоочуларга кайрылып, эч кимден коркпой, өзүңөр тандаган талапкерге же партияга добуш бергиле деп чакырып кетти.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.