Пархат Тулендыбаев өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырды

Борбордук шайлоо комисcиясынан маалымат кызматы 17-октябрда «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Пархат Тулендыбаев мандатын тапшырганын кабарлады.

БШКнын маалыматына караганда ал мандатын өз ыктыяры менен тапшырды. Боршайком берилген арыздын негизинде Тулендыбаевдин күбөлүгүн жокко чыгарды.

Тулендыбаев 2018-жылы «Апрель» каналынын репортажынан кийин коомчулукка белгилүү болгон. Анда журналисттер депутаттардан мамлекеттик гимнди ырдап берүүсүн суранган.

Видеодо Тулендыбаев гимнди ырдап жатып сөздөрүн алмаштырып, айрым саптарын эстей албай койгон.

Бул репортаждан кийин депутаттын гимнди билбегени сынга алынып, кийинчирээк Тулендыбаев кечирим сураган.

Депутаттын кечирим сураган билдирүүсүндө, «өлкөнүн гимнин билбегени ар бир кыргызстандык, өзгөчө парламенттин депутаты үчүн кечирилгис» экени айтылган.

«Республика — Ата Журт» партиясынын бош мандатын тизмеде кийинки болгон Алайбек Алымбаев алды.

Алайбек Алымбаев. Сүрөт: БШКнын маалымат кызматы 

Жаңы түзүлгөн «Биздин Кыргызстан» партиясына арналган Factcheck.kg басылмасынын иликтөөсүндө Алымбаевдин аты аталган.

Анда журналисттер Алымбаев «Биздин Кыргызстан» партиясынын лидери экенин, ошондой эле, аталган партия «Мекеним Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» менен кыйыр байланышы бар экенин айтышкан.