Байсалов: Курманбек Бакиев кандай болбосун өлкөбүздүн президенти болгон

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Ала-Тоо 24» телеканалынын 17-октябрдагы эфиринде азыркы бийликтин кадр саясаты тууралуу айтып берди.

Байсалов эмне себептен минкабга бакиевчилер кызматка алынып жатканы тууралуу кеп козгоду. Курманбек Бакиев 2005-2010-жылдары Кыргызстандын президенти болгон, апрель революциясынан кийин тактан кулаган.

Байсаловдун айтымында, учурдагы бийлик «өлкөгө пайда алып келе тургандарды» «оң, сол, кызыл» экенине карабай пайдаланат.

Алтынбек Эргешов. Сүрөт: AKIpress

«Мага конкреттүү түрдө Президенттик администрациянын чечимдерди даярдоо башкармалыгынын [азыркы] башчысы Алтынбек Эргешов тууралуу айтышты. Ал президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы болгон дешти. Болcо болгондур. Бул өтө мыкты тажрыйба. Кайсы гана мамлекеттик ишмер, кайсы өлкөдө болбосун [...] мамлекет башчынын жанында жүрүп [...] зор тажрыйба топтой алат. Ал чечимдерди кабыл алуу процесстерине карап турат [...] үйрөнөт. Курманбек Бакиев кандай болбосун, ар кайсы кишилердин пикири боюнча, ал биздин өлкөнүн президенти болгон. Кайсы көз караштан албайлы, анын жанында жүрүү — бул чоң тажрыйба, өлкөгө керектүү тажрыйба»,— деди ал.

Алтынбек Эргешов 2009-жылдын январынан ноябрга чейин Бакиевдин жардамчысы болгон. Байсалов президенттин жардамчысы анын аракеттери үчүн жооптуу эмес деп эсептейт, ошондой эле ал «туура жана туура эмес чечимдерди көргөн» деген пикирде.

«Бул миллиондогон долларга тете тажрыйба, түшүнсөңүз. Биз башка өлкөдөн кимдир бирөөнү импорт кылып алып келе албайбыз. Шкафты ачып, жаңы адамдарды чыгарып, жумуш орундарга коюп коё албайбыз […] өлкөгө салым кошо ала турган адамдарды [колдонобуз]. Эч кандай суроо жок: “ким болгонсун”, “балким сен мурда ката кетиргенсин”, “балким сен мурда түшүнчү эмессин”. Баарынын башын бириктирип, улуттук өнүгүү жолуна түшүү керек», — деди Байсалов.

Бакиевдердин кайтып келүүсү

2020-жылдагы октябрь окуяларынан улам бийликке Садыр Жапаров келгенден тартып бир нече саясатчы «бакиевчил кадрлар» кайтып келүүдө деп айтып чыгышкан.

«Азыр Бакиевдин кишилери кайтып келип жатат. Журналисттерди сабап, өлтүргөндөр коопсуздук органдарында жогорку кызматтарды ээлеп калышты. Кайсыл жерди караба, бардык жерде “бакиевчил” кадрлар», — деп айткан экс-президент Роза Отунбаева 2020-жылдын ноябрь айында.

Мисалы, жакында эле Улуттук банктын төрагасы болуп Кубанычбек Бөкөнтаев бекитилди. Анын талапкерлигин президент Жапаров сунуштаган. Бөкөнтаев Бакиев башкарган жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары болгон.

«Ал кезде атагыбыз жаман жагынан чыкчу — биз аркылуу акчалар жуулуп кетчү, Бөкөнтаев анын баарын байкачу эмес. Кесиптештер дагы андай деле коркунучтуу эч нерсе байкашкан жок, көпчүлүк добуш менен талапкерлигин колдоп беришти», — деди депутат Дастан Бекешов Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалгандан кийин.

Ошондой эле Бакиев маалында президенттин парламенттеги атайын өкүлү болгон Мурат Үкүшов 18-октябрда Президенттик администрациянын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчылыгына дайындалган.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин, ал кездеги президент Аскар Акаевдин режими кулагандан кийин бийликке келген.

Курманбек Бакиев 2005-жылдын 24-мартындагы митингде. Сүрөт: AKIpress

2010-жылдын 7 - апрелинде 87 киши каза болгон элдик кагылышуунун жыйынтыгында Бакиевтердин бийлиги кулатылган. Алардын ордуна бийликке Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт келген. Бакиев болсо, үй- бүлөсү менен Белорусияга качып, азыркы учурга чейин ошол жакта жашап, жарандыгын алган.

Белорусиянын жараны Курманбек Бакиевдин паспорту. Бозгун президенттин маалыматтары хакердик чабуулдун жыйынтыгында тармакта пайда болгон.

Үстүбүздөгү жылдын август айында мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келгенден кийин Бакиевдин кайтып келүүсү тууралуу кептер кайрадан жанданган. Акаев болсо «Күмтөр» иши боюнча суракка чакырылып, ал бир канча убакыт өлкөдө болуп, кичи мекенине барганга дагы жетишкен.

Анда саясат талдоочу Сейтек Качкынбай бийлик коомчулуктун маанайына байкоо салып жатканын айткан.

Бакиевди алып келгенге даярдык жүрүп жаткандай сезилет. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө эгер келип калса кармайбыз деген менен аны толугу менен жоопко тартабы башка маселе. Эки-үч ай сурап, коомчулукка чыгарып коюшу мүмкүн. Учурда коомдогу маанайды байкап, тамырды тартып көргөндөй туюлуп жатат», — деген ал «Азаттыкка» курган маегинде.

2016-жылы сот 7- апрель окуялары боюнча бозгун президент Курманбек Бакиевге карата сыртынан 30 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Курманбек Бакиев 2019-жылы.

Мындан сырткары, 2020-жылдын декабрь айында президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринде Садыр Жапаров эгерде «эл кечирсе» бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайра алып келүүнү убадалаган.

Курманбек Бакиевдин башкаруусунда учурдагы президент Садыр Жапаров анын кеңешчиси жана коррупция менен күрөшүү боюнча комиссар болгон. Ал Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттикти жетектеген, бирок Бакиевдин башкаруусу анын баласы Максимдин рейдерлиги, журналисттердин өлтүрүлүүсү жана коркутуусу менен белгилүү.

Бирок Жапаровдун айтымында, анын коррупция менен күрөшүү үчүн ыйгарым укугу жок болгон.

«Эгер адилеттүү карасак, 2010- жылдагы окуяларга Бакиевдер гана күнөлүү эмес, башка адамдар да бар. Биз бул ишке жете элекпиз, баарын көтөрүп чыгып, изилдеп, тергеш керек […]Кыргызстан 10 жылдан бери аларды экстрадация кылууну суранып жатышат, Башкы прокуратура суранган, Атамбаев суранган, андан кийинки бийликтегилер дагы бул теманы көтөрүшкөн.Биз 10 күндөн бери эле иштеп жатабыз, бирок мен мурдагы бийликтегилердин ишин улантам», — деген Жапаров былтыркы жылдын ноябрь айында, президенттин милдетин аткарып жаткан учурда.

Тема боюнча:

Эгерде Бакиев Кыргызстанга келсе, камакка алынат — Башкы прокуратура

«Партиялык коррупция сизден башталган». Байсалов менен Текебаевдин айтышы уланууда