Бекешев: Жарыкты үнөмдөө, бакиевчил кадрларды кызматка дайындоо 2009-жылды эске салат

Депутат Дастан Бекешев фейсбуктагы барагында 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин отуруму кандай өткөнүн айтып берди. Анын айтымында, ар кайсы темаларды бир саат талкуулагандан кийин гана депутаттар конкреттүү маселелерге өткөн.

Улуттук банктын жаңы төрагасы

Улуттук банктын төрагалыгынан кеткен Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алуу менен жыйын толук кандуу башталды. Кызматтан бошотуу тууралуу арызды президенттин өкүлү окуду, көп өтпөй Абдыгулов өзү да парламентке келди.

«Көпчүлүк депутаттар Абдыгуловдон ордунда калуусун өтүнүштү, ал тургай кетирбейбиз деп коркутушту, бирок ал айтканынан кайткан жок. Бир саат мактап, оюнан кайтарууга аракет кылып, жыйынтыгында кетирүүнү чечтик. Азыркыдай кыйын мезгилде Абдыгуловдун жаңы кызматка барганы деле оң. А өлкө үчүн туура болобу — бул өзүнчө маселе», — деп жазды Бекешев.

Кийинки маселе Улуттук банкка жаңы жетекчи дайындоо болду. Бул кызматка президент сунуштаган бир эле талапкер бар болчу — Кубанычбек Бөкөнтаев. Ал киши банк тармагында 11 жыл иштебегени белгилүү болду.

Дагы окуңуз:Банк тармагында иштебегенине 11 жыл болгон. Парламент Улуттук банктын төрагасын бекитти

«Кесиптештер ЖМКда айтылып жүргөн суроолорду узатышты: Орусиядан насыяга алынган 220 миллион кайда кеткен, кылмыш иштеринен кантип арылган жана башка. Мен адатымча бакиевчилердин заманын эскердим. Тактап айтканда, 2006-2010-жылдары Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ал кезде атагыбыз жаман жагынан чыкчу — биз аркылуу акчалар жуулуп кетчү, Бөкөнтаев анын баарын байкачу эмес. Кесиптештер дагы андай деле коркунучтуу эч нерсе байкашкан жок, көпчүлүк добуш менен талапкерлигин колдоп беришти», — деп белгиледи депутат.

Бекешев жашыруун болгондуктан, балким Улуттук банкта өтө деле жакшы эмес өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

«2009-жылды, ал тургай 90-жылдарды эске салат: электр жарыгын үнөмдөө, күмөндүү мамлекеттик сатып алуулар, бакиевчил кадрларды кызматка дайындоо», — деп эсептейт парламентарий.

Маалыматтарга көзөмөл жүргүзүү

Жыйында сунушталган мыйзам долбоорлорунун бири да Бекешевге тактан куулган Курманбек Бакиевдин режимин эстеткен. Анын айтымында, бул маалымат алмашуучу колдонмолорду идентификациялоо тууралуу мыйзам.

Долбоордо айрым менчик компаниялардын маалымат алмашуу функциясы бар бардык колдонмолорун идентификациядан өткөрүү сунушталган.

«Колдонмолорду идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору — аткезчилик жана телефон ууруларын кыскартуу деген атты жамынган жөн гана бизнес. Мен ачууланганымдан эки тилде сүйлөп жибердим. Кесиптештер колдоп беришти, четке кагабыз деп убадалаштык», — деп кошумчалады ал.