Бишкекте алмага жашырылган ири өлчөмдөгү баңгизат табылды

ИИМдин басма сөз кызматы 18-октябряда 10 килограмм «метамфетамин» баңгизаты салынган оор жүк ташуучу унаа кармалгандыгын кабарлады.

Ведомство белгилегендей, маңзат салынган фура эл аралык баңгизат ташуучу топ менен күрөшүүгө багытталган атайын операциянын алкагында кармалды. Унаа Бишкектеги бажы терминалынын аймагында табылган.

ИИМдин маалыматына караганда, фура Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Казакстан — Кыргызстан багыты боюнча жол жүргөн.

«Алма салынган жашиктердин айрымдарынан пенопласттан жасалган 147 алма табылып, алардын ичинде ак түстөгү зат салынган полиэтилен баштыктар чыккан», — деп билдиришти ИИМден.

Бул факты КЖБРге «Баңги заттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен катталды.

Унаанын айдоочусу кармалды, ал Өзбекстандын жараны болуп чыкты. ИИМдин алдын ала маалыматы боюнча, кармалган баңгизаттын баасы 531 миң АКШ долларын түзөт. Тергөө иштери уланууда.