«Арзан пиар, жол эрежесин бузуу». Ош мэринин «КамАЗ» үстүндө шаар кыдырганы талкууга түштү

Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 18-октябрда вице-мэрлер жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери менен бирге оор жүк ташуучу унаада жүрүп көчмө жыйын өткөрдү.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, мэр коомдук транспорттун токтоо тартибин, аялдамалардын, шаар жолунун, тротуарлардын жана четки көчөлөрдүн абалын текшерди. Ал эми тийиштүү жетекчилерге «жеринде тапшырмаларды берди».

Жыйындын соңунда Мамбетов Ош шаарынын борбордук базарына барып, Райымбеков көчөсүндөгү соодагерлер менен жолукту. Калаа башчысы ал жактан тиешелүү органдарга жана кызматтардын жетекчилерине жайма базарларды иретке келтирүүнү, соодагерлер үчүн шарттарды түзүп, аларга ылайыктуу жер табууну тапшырган.

«Арзан пиар», «Жол эрежесин бузду»

Бул иш-чара фейсбук колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынды. Айрымдар мэрдин бул аракетин «арзан пиар» деп атап, «мэр өзү жалгыз эч кимге билдирбей эле жөө жүрүп текшерсе болмок» дешти.

«Кимдин идеясы болсо да баракелде. Ошто жаңылык кылгысы келген окшойт жаңы мэриянын жетекчилиги. Ушундай команда, мындай ыкма менен шаар эч кандай өнүгүү жолуна түшпөйт», — деп пикир жазды колдонуучулардын бири.

Блогер Азамат Ормокеев «Клоопко» мэрия бул аракети менен «жол эрежесин бузду» деп билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча кузовдо ташылган кишилердин саны андагы орундуктан ашпашы керек.

«Мындан сырткары коопсуздук эрежелери да сакталган эмес», — дейт ал.

Ал эми Ош мэриясынын басма сөз катчысы Керимбек Калыкулов «эреже бузулду» деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, унаа атайын кишилерди ташууга боло турган аскердик «КамАЗ». Ал «кузов 27 орундуу» деп ишендирип, ал эми анын үстүндөгү кызматкерлер 24төн ашкан эмес дейт.

Анткен менен мэриянын басма сөз кызматы жарыялаган сүрөттөрдө көпчүлүк ордунан туруп бараткан, дагы бир сүрөттө мэрдин кеңешчиси отургучта эмес бутунда отурганын көрүүгө болот.

Ош ШИИБдин кайгуул кызматы болсо «унаа атайын жүргүнчү ташыган аскердик автомашина болгондуктан, мыйзам бузуу жок» деп билдирди.

Буга чейин мэр Мамбетов 13-октябрда журналисттер жана активисттер менен жолугуп жыйын өткөргөн. Анда журналисттер жана активисттер калаадагы жолдордун абалы начар экенин, жөө өтмөктөрдөгү сызыктар өчүп, тротуарлар жок болуп кеткенин айтып мэрияны сынга алган.

Мамбетов болсо бул маселе боюнча жакын арада ишкана жетекчилери менен оор жүк ташуучу унаада жыйын өткөрүүнү пландап жатканын, ал эми 2022-жылды «Тротуар салуу жылы» деп эле жарыялаш керектигин айткан.