Ташиев мамрезиденцияда жашап жатканы тастыкталды

УКМКнын төрагасы жана минкабдын башчысынын орун басары Камчыбек Ташиев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жашап жатат. Бул тууралуу резиденциянын директору Адилет Билимбек уулуна таянып kaktus.media жазды.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев коммуналдык төлөмдөрдү өзү чөнтөгүнөн төлөп жатат.

«№1 мамлекеттик (“Ала-Арча”) резиденциянын аймагында өлкөнүн жогорку кызмат адамдары, анын ичинде УКМКнын төрагасы жашайт. Коопсуздук максатында ким жана кайда жашары тууралуу маалымат берүү мүмкүн эмес. Бирок, бул адамдар жашаган бардык объектилер мамлекеттин менчиги экенин белгилей кетүү керек», — деп билдирди журналисттерге Билимбек уулу.

Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, Ташиев мурунку президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчы болуп турган кезде, анын «достору» жеке каражатына курду делген үйдө жашайт. Буга чейин бул тууралуу Temirov Live Youtube-каналынын журналисттери жарыялаган иликтөөдө сөз болгон.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы үйлөрдүн бири. Сүрөт: «Кабар»

Ташиевге мамрезиденцияда жашоого президент Садыр Жапаров уруксат берген-бербегени азырынча белгисиз. Ошондой эле, УКМК төрагасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын жаңы шайланган орун басары «Ала-Арчада» канча убакыттан бери жашап жатканы айтылган эмес.

Президенттик администрация «Клоопко» комментарий берген эмес, ал эми материал жарык көрөр алдында мамрезиденциянын директору менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Буга чейин бир катар ЖМКларда президенттин үзөңгүлөшү жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин «Ала-Арчада» жашап жатканы тууралуу айтылган. Ташиев мамлекеттик резиденцияда жашоого укугу бар мамлекеттик кызматкерлердин катарына кирбейт.

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров 2020-жылы октябрь айында мамрезиденцияда.
Сүрөт: Ташиевдин расмий фейсбук барагы.

Ошондой эле, 26-августта Temirov Live Youtube-каналы иликтөө жарыялаган — алар Ташиевдин баласынын үйлөнүү тоюу мамлекеттик резиденцияда өткөнүнү боюнча кыйыр далилдерди тапкан.

Дагы окуңуз: Temirov Live: Камчыбек Ташиев «Ала Арча» резиденциясында жашап жатат

Ошентип жарандык коомдо чын эле Ташиев мамлекеттик резиденцияда жашап жатабы деген суроо жаралган. Сентябрдын башында юрист Чолпон Жакупова баштаган «Адилет» укуктук клиникасы президентке кайрылуу жолдогон.

Анда Жакупова бардык беш мамрезиденция салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланарын белгилеген. Ошондой эле, атайын оорукананын, бала бакчанын, автотранспорттук мекеменин, аңчылык чарбасынын, курулуш мекемесинин жана башка көптөгөн объектилердин чыгымдары дагы мамлекеттик бюджеттен төлөнөт.

Юрист чиновниктердин элдин акчасына өздөрү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп жатканы анык коррупция экенин айткан.

Ал белгилегендей, 2021-жылы Президенттин иш башкармалыгы менен өкмөттүн чыгымдарына мамлекеттик бюджеттен 662 млн сом которулган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 млн сомго көп.

Өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жакупованын өтүнүч каты президенттик администрацияга келип түшкөнүн, аталган түзүм жооп даярдашы керек экенин белгилеген. Бирок алигиче жооп келген эмес.