Эсеп палатасы: «Кумтөрдөн» түшкөн 5 млрд сом максатсыз сарпталган

Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы 2020-жылы «Кумтөрдөн» түшкөн каражаттар максатсыз сарпталганын кабарлады.

Ведомство бул 2020-жылы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттен улам белгилүү болгонун айтты. Аудиттин жыйынтыгында Эсеп палатасы отчётту тастыктаган жок.

Аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту тастыктабоого жана терс корутундуну берүүгө негиз болгон бир катар кемчиликтерди аныктады», — айтылат отчётто.

Ведомствонун маалыматына караганда, «Кумтөр Голд Компаниден» түшкөн 522,1 млн сом каражат «казыналыктан тышкары сарпталгандыктан» 2020-жылга карата отчёттун чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн эмес.

Ошону менен бирге, 4 млрд 915,7 млн сом дагы максаттуу сарпталган эмес. Бул суммадан 1 млрд 72,4 млн сом «Ишкердик субъектилерди каржылоо» программасынын алкагында аймактарды өнүктүрүүгө жумшалган. Аны менен катар, 3 млрд 843,3 млн сом бюджеттин чыгымдарын жабууга сарпталган.