«Күйөөсү менен чырдашкан». Ошто үч баланын энеси асынган абалда табылды

Ош шаары

Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну асынган абалда табылды. Анын артында үч баласы калды. Маалыматты «Клоопко» Ош ШИИБ тастыктады.

Туран кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринде аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат Ош ШИИБге 19-октябрда саат 15:30да түшкөн. Окуя болгон жерге барган милициянын ыкчам тергөө тобу үйдүн кире беришиндеги устунга моюн орогучка муунган аялды көрүшкөн.

Аталган факты «Өзүн өзү өлтүрүү» беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ал эми «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып, «аял эки-үч күн мурда күйөөсү менен чырдашып, өз апасынын үйүнө келгенин» жазды.

Ош ШИИБ маалымат такталып, аялдын жакындары сураларын кошумчалашты.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Ош шаарынын 33 жаштагы тургуну өз үйүндө асынган абалда табылган. Анын Орусияда мигрант болуп жүргөн күйөөсү ошол күнү келип, сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартып үйүнө алып кеткен.

Бирок бир жумадан соң ал милицияга сөөктү эксгумация кылуу боюнча арыз жазган. Киши «үйүндө аялы чогултуп жүргөн ири суммадагы акча жоголгонун» айтып, аны «кимдир-бирөө өзүн өлтүрүүгө жеткирген болушу мүмкүн» деп билдирген.

«Ошол акчадан эч нерсе калбаптыр. Акчаны бирөө коркутуп алып, акчаларды ордуна коё албай, аялым коркконунан асынып алышы мүмкүн. Бирөө коркутуп, токмоктоп алып кетиши мүмкүн», — деп арыз жазган ал.

Мындан улам аялдын сөөгү эксгумацияланып, экспертизадан өткөрүлгөн.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош шаарына жакын жайгашкан Ишкаван айылында 32 жаштагы аял жоолукка асынып каза болгон. Маркум төрт баланын энеси болчу.

Анын жолдошу жана жакындары эч кимге арыз доосу жок экенин айткан, бирок милиция өлүмдүн себебин териштирмей болгон.