Коронавирустан үч адам каза болуп, 103 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 20-октябрга карата коронавирустун 103 жаңы учуру катталып, 49 бейтап айыгып чыкты. Ал эми үч адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаары — 47;
  • Чүй облусу — 24;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 10;
  • Ош облусу — 4;
  • Талас облусу — 4;
  • Баткен облусу — 3;
  • Нарын облусу —1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 180 109 жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 815 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2641 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 604 бейтап, ал эми үй шартында 542 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 20-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 996 адам, ал эми экинчи дозасын 56 253 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.