Миңден ашуун адам Кыргызстандын жарандыгын алды — көпчүлүгү этникалык кыргыздар

Президент Садыр Жапаров 19-октябрда Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент үч жарлыкка кол койду. Ага ылайык, жалпы 1 207 адамга кыргыз жарандыгы берилди — алардын 850сү чоңдор, 378и балдар.

«Жарандык алгандардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар», — деп жазылат президенттин сайтында.

Жапаров кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, 53 адам кыргыз жарандыгынан чыгарылды. Алардын 45и чоңдор болсо, сегизи балдар.

Президенттин басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандыгын алуу боюча жалпы 1260 адамдан арыз келип түшкөнүн кошумчалады.

Жарандык алган жана чыгарылгандардын тизмесин өлкө башчысынын сайтынан көрүүгө болот.