ЖЭБдин от казандары менен жабдууларын жеке компания иштетет. Эмне болуп жатат?

Бишкек ЖЭБинин от казандары жана жабдуулары күз-кыш мезгилинде Hampton Resources limited казак-британ биргелешкен жеке компаниясына өтөт.

Министрлер кабинетинин тиешелүү буйругун депутат Наталья Никитенко фейсбуктагы барагына жарыялады. Бул документ ага мессенжерлердин биринин келгенин айтты. Бирок токтом тууралуу башка эч жерде айтылган эмес.

Токтомдо Кыргызстандын стратегиялык объектисинде жеке компаниянын иш алып баруусу жылытуу мезгилин «туруктуу» өткөрүп алуу жана «жарандардын жашоо жана ден соолугуна ылайык жагымдуу шартта жашоо конституциялык укугун ишке ашыруу» зарылдыгы менен түшүндүрүлгөн. Келишимдин баасы белгисиз.

Cүрөт: Н.Никитенконун Facebook барагы

Датасы 2021- жылдын 18-октябры деп көрсөтүлгөн документке ылайык, минкаб энергетика жана өнөр жай министрлигине Hampton Resources limited менен келишим түзүүнү тапшырган. Компания Бишкек ЖЭБке Караганда көмүрүн жеткирип турат жана ЖЭБдин от казандарын, башка жабдууларын тейлейт.

Ошондой эле, жеке компания жылуулук менен электр жарыгынын баасын мурдагы деңгээлде калтырууга тийиш. Андан тышкары, «станциянын берилген бөлүгүн өзүн-өзү каржылоого жана чыгымдарын актоого» жеткириши керек.

Компания жөнүндө эмне белгилүү?

Компаниянын сайтындагы маалыматка таянсак, Hampton Resources limited Лондондо жайгашкан. 1998-жылдан бери көмүр рыногунда иштейт жана коңшу Казакстандагы үч көмүр шахтасына ээлик кылат — «Батыр», «Киров» жана «Западная». Андан тышкары, «Карагандинская» жана «№38» аталышындагы эки кайра иштетүүчү фабриканын ээси.

Ошондой эле, компаниянын тейлөөчү жана көмөктөшүүчү бир нече бөлүмдөрү бар. Аларга темир жол вагондору, транспорт, оңдоо жана кызмат көрсөтүү ишканалары кирет. Башка ачык булактарда Hampton Resources limited жөнүндө маалымат жок.

Бул Hampton Resources limited Кыргызстандын энергетика тармагына аралашууга болгон экинчи аракети. 2021-жылдын январь айында, ошол кездеги вице-премьер-министрдин м. а. Равшанбек Сабиров компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Алар энергосекторго инвестиция кылууну, мини-ЖЭБ, жаңы темир жол курууну жана кыргыз көмүрүн өзүнө алууну көздөгөн.

Ошондо өкмөт долбоорду сунуштаган Hampton Resources limited Караганда шаарында жайгашкан казакстандык ТОО «EXIM ARTIS» көмүр компаниясынын туунду компаниясы экенин билдирген. Ал эми долбоорду EXIM ARTIS жана Hampton Resources limited’тин директорлор кеңешинин мүчөсү Төлөнбек Адамкулов тааныштырган.

Оsoo.kg басылмасынын маалыматына ылайык, ал кезде Адамкулов жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ОсОО «Дас-Транс» жана дүң соода менен алектенген ОсОО «ADIB MURTAZA CO.LTD» компанияларынын директору болгон.

EXIM ARTIS компаниясынын сайтында компания көмүр сатып алуу, «жеке шахталардан» чыккан көмүрдү кайра иштетүү жана көмүрдүн баалуу сортторун (таш көмүр жана жогорку кубаттуулуктагы) көбүнчө чет өлкөлөргө жана жарым-жартылай Казакстандын ички рыногуна сатуу менен алектенет деп белгиленген.

Кызыктуу жагдай, «менчик шахта» категориясында ошол эле Hampton Resources limited ээлик кылган «Киров» жана «Западная» шахталары көрсөтүлгөн.