Бишкек мэриясы: Мектептер онлайн-режимге өтпөйт

Вице-мэр Виктория Мозгачёва 21-октябрдагы маалымат жыйынында Бишкек мэриясы курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) күчөгөнүнө карабастан, шаар мектептерин онлайн-окууга өткөрбөй турганын айтты.

Анын айтымында, балдар мектепте офлайн-окуусун улантуусу үчүн учурда шаардык бийлик бардык тиешелүү чараларды көрүп жатат.

«Мындай маселе жок. Биз ата-энелерди бардык талаптарды аткарууга чакырабыз. Бала ооруп жатканына карабастан аны мектепке жиберүү — бул көп учураган көйгөй. Биздин аракеттердин алгоритми бар жана анын ичинде мектепти же бала бакчаны карантинге кетирүүнүн эрежеси камтылган», — деди Мозгачёва.

Ошондой эле, учурда КРВИ жапырт жайылып, адамдар аны тез жуктуруп алып жатканын ырастады.

«Эгер сиздин балаңыз ооруп калса, бала бакчага жана мектепке алып барбаңыз», — деп чакырды вице-мэр.

КРВИнин көбөйгөнүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги 22-октябрдан баштап Бишкек шаарында сасык тумоого кабылгандарга стационарларды ачуу чечимин кабыл алды. Ведомстводон билдиришкендей, мындай чечим Балдардын шаардык клиникалык ооруканасына жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жүктөмдү азайтуу үчүн кабыл алынган.

Бишкек шаарынын мектептери салттуу офлайн-режимде 2021-жылдын 15-сентябрынан тарта иштеп баштаган. Ошондо минкаб окуу жылынын башталышын 15 күнгө артка жылдыруу «өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, сапаттуу билимди камсыз кылуу үчүн офлайн окууга этап менен өтүү максатында» кабыл алынгандыгын айткан.

СОVID-19 пандемиясынан улам 2020-жылдын 8-апрелинен тарта бардык мектеп окуучулары онлайн-окууга жиберилген. Өлкөгө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген соң билим берүү министрлиги шашылыш түрдө аралыктан окутуу программасын иштеп чыккан.

Бардык окутуу материалдары ведомствонун атайын сайттарына жүктөлгөн, ошондой эле, алар телеканалдарда трансляцияланган.

Бирок онлайн-окутуудагы материалдардын сапаты ата-энелер тарабынан сынга алынган. Ошондой эле, ата-энелер сабактарды көрүүгө жана онлайн-окууга катышуу үчүн бардык балдардын интернети же телефондору жок экенине даттанышкан.