Эмне үчүн ЖЭБдин бир бөлүгүн жеке компания башкарат? Бийликтин жообу

Президенттик администрация Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоону жана от казандар менен агрегаттарды башкарууну жарым-жартылай жеке компанияга өткөрүп берүү тууралуу минкабдын соцтармакка тарап кеткен токтому фейк эмес экенин тастыктады. Ал реалдуу документ.

Ведомствонун версиясы боюнча, бул токтом минкабдын өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатындагы тапшырмасын аткаруунун алкагындагы «натыйжалуу чаралардын» катарына кирет.

Андан тышкары бул демилге «абага зыяндуу бөлүнүүлөрдүн көлөмүн төмөндөтүү» жана «борбордогу экологиялык кырдаалды жакшыртуу, ыш боюнча кырдаалды чечүүгө» тиешелүү. Ошондой эле, 2021-2022-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында каралган.

Эмне үчүн дал ушул компания?

Аталган компанияны министрлер кабиненини учурдагы төрагасы Акылбек Жапаров жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова тарабынан жакында эле тандалган.

«Акылбек Жапаров министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары жана экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстандын Караганда облусунда иш сапары менен болуп, ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышышкан», — деп түшүндүрүштү президенттин администрациясынан.

Андан соң борбордук ЖЭБде «КО» маркасындагы 7 миң тонна көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүлүп, жыйынтыгы «экологиялык кырдаалга оң таасир тийгизгенин» көрсөткөн.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту аталган көмүр концентратын күйгүзүүнүн натыйжалуулугу боюнча тийиштүү корутунду берген.

Hampton Resources Limited компаниясынын жардамы менен кандай иштер убадаланды?

Президенттик администрация мындан улам өлкөдө «мүмкүнчүлүктөр болот» деп эсептейт.

  • электроэнергиясын иштеп чыгууну жылына 1,2 млрд кВт/с 6,0 млрд кВт/с чейин көбөйтүү;
  • электроэнергиянын өздүк наркын кВт/саатына 3,93 сомдон 1,75 сомго чейин жана жылуулукка 1 Гкал/с жылуулук үчүн 900-945 сомго чейин төмөндөтүү;
  • Бишкек ЖЭБиндеги 4,5 млрд сом өлчөмүндөгү жылдык чыгымдарды жокко чыгаруу жаан жылына 1,1 млрд сомдон кем эмес киреше алуусун камсыздоо. Бишкек шаарынын ЖЭБинин агрегаттарын жогорку натыйжалуу жабдууларга жаңыртууга инвесторлорду тартуу;
  • ыш көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт, бул экологияга оң таасир этет.

Мындан сырткары, станцияны өзүн өзү актоого жана өзүн өзү каржылоого чыгарууга мүмкүн болот.

«Экономикалык натыйжа тууралуу мисал катары, долбоордук эмес көмүрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырма анализден, отунду даярдоо тилкелеринде билдердин (көмүрдүн майда элементи) аз чыгымдалышынан, тегирмен, керней жана күлшлакты тазалоонун эсебинен үнөмдөө камсыздалат. Муну менен каражаттын көп эсе үнөмдөлүшү камсыздалат», — деп ишендирүүдө президенттин администрациясы.

Тема боюнча окуңуз: ЖЭБдин от казандары менен жабдууларын жеке компания иштетет. Эмне болуп жатат?