Мэр жана акимдерди президент дайындайт. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул боюнча 21-октябрда мамлекет башчынын маалымат-кызматы билдирди.

Аталган мыйзам жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү максатында кабыл алынганы белгиленди.

Эми президент республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин дайындайт. Мындан тышкары, район акимдерин дагы министрлер кабинетинин көрсөтмөсү жана облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу менен президент кызматка дайындап, кайра бошото алат.

«Квалификациялуу кадрларды жана тажрыйбалуу башкаруучуларды кызматка тартуу максатында, аким жана анын орун басарлары, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси кызмат орундарына кадрларды даярдоо региондук жана муниципалдык резервдерде тургандардын ичинен гана болоорун», — президенттин маалымат-кызматы кошумчалады.

Акимде кандай ыйгарым укук бар?

Кол коюлган мыйзамга ылайык, акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин, кызматка дайындоо укугу берилди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү болсо 4 жылдан 5 жылга чейин узартылды.

Мындан тышкары, аким айыл аймагынын башчысын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат.

«Районду өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелерин комплекстүү чечүү максатында райондук кеңеш түзүлүп жатат», — деп баса белгиледи президенттин маалымат-кызматы.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун парламенттин депутттары 6-октябрда кабыл алышкан. Бул конституциялык мыйзам болгондуктан, ага эң аз дегенде 80 парламент өкүлү добуш берүүсү керек болчу. Бирок ЖМКнын маалыматтарына ылайык, анда добуш берүүгө 50 гө жакын гана депутат катышкан.

«Айрымдары кесиптештери үчүн да «кнопка» басып коюшкан. Мисалы Тазабек Икрамов төртөө үчүн добуш берген», — деп жазат Sputnik.