УКМК: Сузакта мектеп курууда мамлекетке 5 млн сом зыян келтирилген

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Талаа-Булак айылынын №76 мектеби. Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Талаа-Булак айылындагы №76 мектебин курууда мыйзам бузуу аныкталганын 21-октябрда кабарлады.

Тергөө Капиталдык курулуш башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери мектеп курган жалданма компания менен жең ичинен келишим түзгөнүн аныктады.

«Курулуш-монтаж иштеринин анык көлөмү жашырылып, наркы ашыкча бааланган. Ошондой эле жооптуу адистер техникалык көзөмөл, курулуш эрежелеринин талаптары, объектилерди пайдаланууга берүү жаатында мыйзам бузууларга барган», — деп билдиришти УКМКдан.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджет 4 млн 970 миң сом өлчөмүндө зыян тарткан. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө иштери уланууда.