Жапаров: Келечек муунга үлгү болчу шайлоо өткөрүшүбүз керек

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоодо «админресурс колдонулбайт» деп ишендирди. Мындай сөзүн ал 21-октябрда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

«Мурдагылардын катасын кайра-кайра кайталай бербей келечек муунга үлгү болчу шайлоо процессин өткөрүп беришибиз керек», — деди ал.

Жапаров алдыдагы шайлоо өнөктүгү өлкөдөгү коомдук саясий абалдын стабилдүүлүгүнө «түздөн-түз таасирин тийгизет» дейт. Мындан улам ал бул иш-чараны кынтыксыз жана жогорку деңгээлде уюштуруу керек деп билдирди.

Мындан сырткары, өлкө башчы жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрү, күч органдары жана мамкызматкерлер шайлоого кийлигишчү болсо «иштен алынып тим болбой, мыйзам чегинде жоопко тартылат» деп эскертти. Ошондой эле ал аталган кишилер кайсы бир партиянын пайдасына иштесе «жазасыз калбайт» деп убадалады.

«2020-жылдын октябрь айында мыйзамсыз шайлоолор, жер-жерлердеги ачык эле колдонулган админресурс жана шайлоочуларды акчага сатып алуу фактылары эч кимдин эсинен кете элек. Болуп өткөн шайлоолордун шайтан оюндары баарыбызга сабак болушу керек. Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды. Бул багытта бардык жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, мыйзам бузууларга жол бербешиңерди талап кылам», — деди ал.

Ошол эле учурда Жапаров «парламентти люстрациялоо шарты түзүлүп берилген соң, эл өзү да добушун сатпашы керек» деп айтты. Мындан сырткары талапкерлерге жана партияларга шайлоо өнөктүгү учурунда диний чакырыктарды колдонбоону эскертти.

«Биз натыйжалуу шайлоо системасын иштеп чыгып, өсүп келе жаткан муунга туруктуу, өнүккөн мамлекеттик башкарууну калтырууга милдеттүүбүз», — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Учурда Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө. Ал 22-октябрга чейин созулат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.