Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуунун көлөмүн көбөйттү

Өзбекстандан электр энергиясын алуу аяктаганына байланыштуу, Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоонун көлөмүн көбөйтү. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы 22-октябрда кабарлады.

Улуттук энергохолдинг кабарлагандай, 2021-жылга карата Өзбекстандан электр энергиясын алуу боюнча план аткарылып, коңшу өлкөдөн энергия алуу токтотулду. Учурда 2022-жылга пландалган жеткирүүлөрдүн эсебинен электр энергиясын алуу маселеси талкууланып жатат.

Энергохолдинг учурда Кыргызстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишимге ылайык Казакстандан дагы электр энергиясын импорттоп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев 2 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоо үчүн Түркмөнстан менен келишим түзүлгөнүн кабарлаган. Ошондой эле Аалиев Орусиядан 2-3 миллиард кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

Ал мындай жол менен жылытуу мезгилинен соң Токтогул суу сактагычында 8,5 миллиард куб метрге жакын суу калышы мүмкүн экенин айткан.

Кыргызстан жылына 15 миллиард кВт/саат ашык электр энергиясын керектейт. Энергетикалык кризиске жана Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттой баштады.

2021-жылдын жазында Кыргызстан энергетикалык кризистен чыгуу үчүн бир жылдык мөөнөткө Казакстан жана Өзбекстандан 1 650 кВт/саат электр энергиясын алууга макулдашкан. Анын ордуна кыргыз бийлиги 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн Токтогулдан суу агызып турат.

Электр энергиясын үнөмдөө

Токтогул суу сактагычы. Сүрөт: «Кабар» маалымат агенттиги 

Буга чейин Улуттук энергохолдинг турмуш-тиричилик эмес абоненттерге көчөнү жана көрнөктөрдү жарыктандырууга тыюу салган.

Ошол эле учурда бийлик Кыргызстанда энергетикалык кризис жок экенин жана кыш мезгилинде кыргызстандыктар электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынарын бир нече ирет айткан.

Тема боюнча:

Энергетикалык кризис: Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштады

Улуттук энергохолдингдин башчысы чектөөлөр боюнча үн катты

Энергетика министри: Кышында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет