Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза таап, жаңы 119 учур катталды

Сутка ичинде өлкөдө коронавируска чалдыккан үч бейтап каза тапты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, маркумдар илдет жуктурганга чейин коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөн эмес.

Сутка ичинде вирус 119 адамдан аныкталды. Алардын ичинен 59у Бишкекте, 24ү Чүй облусунда, 16ы Ысык-Көлдө. Илдетке чалдыгуунун жети учуру Жалал-Абад облусунда, бешөө Талас облусунда, үчөө Ош облусунда жана бирөө Ош шаарында катталды. Баткен жана Нарын облустарында экиден жуктуруу учуру аныкталды.

Ал эми ооруканадан айыгып чыккандардын саны 73 адам. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын саны 663 адамды түзөт.

Пандемия башталгандан бери жуктуруулардын жалпы саны 180 467 түздү. Алардын ичинен 175 007 адам айыгып, 2 650 бейтап көз жумган.

Акыркы суткада 10 980 адамга вакцина сайылды, алардын ичинен 6 432си биринчи, ал эми 4 548и экинчи дозасын алган.