«Шереметьеводон» чыгарылбай жаткан кыргыздар боюнча Орусиянын ТИМине нота берилди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын ТИМине Москванын «Шереметьево» аэропортунда кыргызстандыктар текшерилип жатканына байланыштуу нота тапшырды.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) аты-жөнүн өзгөрткөн жарандарды аныктоо үчүн аэропортто текшерүүлөрдү өткөрүп жатат. Учурда аэропорттун аймагында канча адам бар экени жана канча адам күтүүсүз текшерүүдөн улам учуп кете албай жатканы белгисиз.

Дипмиссия аэропортто турган кыргызстандыктарга элчиликтин кызматкерлери жөнөп кеткенин кошумчалады.

«Үч рейс келгени белгилүү. Жүргүнчүлөрдүн көбүн аэропорттон чыгарбай жатышат», — деп билдиришкен кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 24.kg басылмасына.

7-октябрда «Шереметьево» аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктар. Сүрөт: Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги

Kaktus.media басылмасы күбөлөрдүн маалыматына таянып, текшерүүдөн улам 300гө жакын кыргызстандык чыгып кете албай турганын жазды. Москвага Бишкек, Ош жана Тамчыдан каттамдар барган.

«Балдары барларды дароо коё беришти, башкаларын текшерип жатышат», — дешти күбөлөр.

Буга чейин да ушундай эле текшерүү болгон. 7-октябрда Оштон Москвага учуп барган 100гө чукул кыргызстандык аэропорттон чыга албай туруп калган.