Видео: Кыргызстандык ырчы Адилет Жумабеков Орусиянын «Голос» долбоорунун сынагынан өттү

Кыргызстандык ырчы Адилет Жумабеков Орусиянын «Голос» долбоорунун угуусунан өттү. Ал End Of The Road тобунун Boyz II Men чыгармасын аткарды.

«Бул абдан сонун аткаруу болду. Димага (Билан) бир учурда сиз аткарган ырдын тилин алып жүргөн кишидей туюлдуңуз. Бул музыкада өтө эркин жана табигый болдуңуз. Мен бурулуп карабай койгонума карабастан бул долбоордо экениңизге кубандым», — деди долбоордун башкы устаты Пелагея.

Жыйынтыгында ырчы өз устаты катары Дима Биланды тандап алды.

Буга чейин дагы бир кыргызстандык Александр Волкодав Supergirl тобунун Reamonn чыгармасын аткарып, «Голос» долбоорунун угуусунан өткөн. Волкодав Пелагеянын командасын тандаган.

2016-жылы бул музыкалык долбоорго кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев дагы катышкан. Ал финалга чейин жетип, үчүнчү орунду ээлеген.

Тема боюнча:

Кайрат Примбердиев «Голостун» финалында 3-орунду алды