Жапаров: Кыргызстан 2021-жылы пандемия менен күрөшүүгө 3 млрд сом сарптады

Президент Садыр Жапаров өзүнүн басма сөз жыйынында бийлик 2021-жылы COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө 3 млрд сом жумшалганын билдирди.

Жапаровдун айтымында, бул каражатка 1700 койка орундугу бар 9 стационар даярдалып, жаңы мобилдик ооруканалар жана дары-дармектер алынган.

«Бүгүнкү күнгө карата 900 вакцина пункту ачылды, жарандардын 40 пайызы вакцинанын биринчи дозасын, 30 пайызы— экинчи дозасын алышты. 20 млн долларга элге вакцина сатып алдык», — деди ал.

Ал былтыркы жылы пандемия менен күрөшүүгө эл аралык донорлордон 350 млн доллар алынганын, бирок ал максатсыз пайдаланылганын белгиледи.

Бирок 2021-жылдын башында финансы министрлиги быйыл коронавирус менен күрөшүүгө 2,4 млрд сом каралганын айткан.

2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин COVID-19 пандемиясына байланыштуу кылмыш иштери козголгон. Анда финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев жакында арада COVID-19’га каршы күрөштү тескеген мурдагы кызмат адамдары кармала баштарын журналисттерге айткан. Анын айтымында, буга мурдагы премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов жана вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын тиешелери бар болгон.