«Анын коопсуздугу керек». Ташиевдин резиденцияда жашап жатышынын себебин айтылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жашап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат-жыйында айтты.

«Мамрезиденцияда кимдер жашайт, ким жашабайт иш башкармалыгы менен мен чечем. Мен уруксат бергем, анткени Ташиевдин коопсуздугу керек. Акыркы убактарда кандай иштеп жатканын өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Сүрөт: Камчыбек Ташиевдин Facebook барагы 

Буга чейин «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова президент Садыр Жапаровго кайрылып № 1 «Ала-Арча» мамрезиденциясында жана башка мамлекеттик резиденцияларда жашаган чиновниктердин жана башка адамдардын тизмесин берүүнү талап кылган.

Анда мамлекет башчынын маалымат-катчысы Эрбол Султанбаев Жакупованын кайрылуусу иш башкармалыкка келип түшкөнүн жана бул түзүм жооп камдап жатканын айткан. Андан бир ай өткөн соң, Жакупова жооп дагы деле келе электигин кабарлаган.

Эмне үчүн маанилүү?

Буга чейин бир катар ЖМКларда президенттин үзөңгүлөшү жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин «Ала-Арчада» жашап жатканы тууралуу айтылган. Ташиев мамлекеттик резиденцияда жашоого укугу бар мамлекеттик кызматкерлердин катарына кирбейт.

Ошондой эле, 26-августта Temirov Live Youtube-каналы иликтөө жарыялаган — алар Ташиевдин баласынын үйлөнүү тоюу мамлекеттик резиденцияда өткөнүнү боюнча кыйыр далилдерди тапкан.

Дагы окуңуз: Temirov Live: Камчыбек Ташиев «Ала Арча» резиденциясында жашап жатат

Ошентип жарандык коомдо чын эле Ташиев мамлекеттик резиденцияда жашап жатабы деген суроо жаралган. Сентябрдын башында юрист Чолпон Жакупова баштаган «Адилет» укуктук клиникасы президентке кайрылуу жолдогон.

Анда Жакупова бардык беш мамрезиденция салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланарын белгилеген. Ошондой эле, атайын оорукананын, бала бакчанын, автотранспорттук мекеменин, аңчылык чарбасынын, курулуш мекемесинин жана башка көптөгөн объектилердин чыгымдары дагы мамлекеттик бюджеттен төлөнөт.

Юрист чиновниктердин элдин акчасына өздөрү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп жатканы анык коррупция экенин айткан.

Ал белгилегендей, 2021-жылы Президенттин иш башкармалыгы менен өкмөттүн чыгымдарына мамлекеттик бюджеттен 662 млн сом которулган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 млн сомго көп.

Дагы окуңуз: «Ала-Арча» резиденциясынан Камчыбек Ташиев уулуна ал жакта үлпөт той өткөргөнүн четке кагышты