«Ала-Арча» резиденциясынан Камчыбек Ташиев уулуна ал жакта үлпөт той өткөргөнүн четке кагышты

Бир катар ЖМКлар өз маалымат булактарына таянып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 16-августта уулу Темирланды «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында үлпөт той өткөрүп үйлөгөнүн жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматы боюнча, тойго 100 киши чакырылып, аларга сүрөткө тартууга тыюу салынган. Ошол эле учурда тойго кирерде телефондору да алынган.

Тойду белгилүү алып баруучу Чыңгыз Мырзаев алып барганы, ал эми жаштарды эстрада жылдыздары куттуктаганы маалымдалды. Ырчылардын арасында Самара Каримова да бар болгону айтылууда.

Ошол эле учурда мамлекеттик резиденциядан үлпөт той өткөнүн четке кагышты.

«Жок, качан, кайсы маалда өтүшү мүмкүн? Андай болсо мен билишим керек болчу. Маалымат калп», — деп билдирди Super.kg гезитине «Ала-Арчанын» директору Адилет Билимбек уулу.

Анткен менен атайын кызматтын башчысынын уулу үйлөнгөнү тууралуу маалыматты фейсбукта «Туран» саясий партиясынын мүчөсү жана активист Эрлан Бекчоро уулу да жарыялады. Ал «күбүр шыбыр кеп уктум. Резиденцияда той болуп жатат деп уктум. Экинчи президент Кыдыршаевич деп кымбат белектерди көтөргөнү мындан көп, ычкырына каткан акчасына чейин алып чыгып белектин баалусун берейин деп кире албай калганы мындан көп дейт» деп жазды.

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 2020-жылы бийликтин алмашуусун алып келген октябрь окуяларында массалык башаламандыктарды уюштурууга айыпталууда. Молдокматов «Ханституцияга каршы» кыймылын түзүп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан.

20-августта Бишкектин Свердлор райондук соту партиянын башка мүчөсү Тилекмат Күрөңовду 1,5 жылга эркинен ажыратты. Ал «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар», «Шайлоочуларды сатып алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Темирлан Ташиев

Темирлан Ташиевге карата козголгон иш

Ташиевдин үйлөндү делген уулу дөңгөлүк уурдоого шектелип 2013-жылы кармалган. Анда милиция Темирлан Ташиев менен бирге дагы үч өспүрүмдү кармаган. Алар Бишкектеги 5-кичи райондо автоунаанын дөңгөлөгүн чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Бир жылдан кийин иш сотко өткөн, бирок жабырлануучулар арызынан баш тартып коюшкан. Аталган иш октябрь окуяларынан кийин кайра каралары маалым болду.

Камчыбек Ташиев — тажрыйбасы мол саясатчы, учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы. Президент Садыр Жапаров аны бул кызматка 2020-жылдагы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин дайындаган. Ташиев менен Жапаров «Мекенчил» партиясынын түзүүчүлөрү жана көптөн берки үзөңгүлөштөр.