Сузакта бороондо калган тогуз адам куткарылды

ӨКМдин басма сөз кызматы 22-октябрда Сузак районунда калың түшкөн кардан улам тогуз адам жолдо калганын кабарлады. Маалыматка караганда, эки жүк ташуучу унаа, мал жүктөлгөн камаз жана бир жеңил унаа калың кардан улам жүрө албай, унаа жолдо калып калган. Анда жети эркек, бир аял жана бир кичинекей бала болгон.

Куткарууга ӨКМдин, РИИБдин ыкчам тобу, жолчулар жана бороондо калгандардын 20га жакын туугандары тартылган.

«23-октябрда саат 02:58ге чамалуу калган 700 метр жолду тазалоого техниканын күчү жетпей калган. Мындан улам куткаруучулар тобу карга камалган жарандарга жөө жетип, куткарып, үйлөрүнө жеткирүүгө көмөктөшкөн»,— деп белгиледи ӨКМ.