Пара опузалоого шектелген Октябрь РИИБнин башчысы тергөө абагына киргизилди

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы сот 23-октябрда Октябрь РИИБнин кыйноо, пара алуу жана кызмат абаланын кыянат пайдаланууга шектелип жаткан башчысы Улан Аалиевдин баш коргоо чарасын аныктады.

Соттун чечими менен Аалиев 2021-жылдын 21-декабрына чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев, тергөө кызматынын башчысынын экс-орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы 22-октябрда кармалган.

Ал күнү Башкы прокуратура кармалгандар кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн версиясына ылайык, милиционерлер бир аялды камакка алуу шылтоосу менен өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалашкан.

«Тактап айтканда, жогорудагы ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз пайда табуу максатында, алдын ала сүйлөшүп, кызмат абалынан пайдаланышып сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча А.Т. аттуу жаранды камакка алуу шылтоосу менен ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз ички иштер башкармалыгына чакыртып, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ опузалап пара талап кылышкан», — деп айтылат көзөмөл органдын маалыматында.

Бул фактылар боюнча «Кыйноо», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.