Талибдер Путиндин аларды террористтик уюмдардын тизмесинен чыгаруу сунушун колдойт

«Талибан» террористтик кыймылы Орусиянын президенти Владимир Путиндин аларды өлкөдөгү террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн деген билдирүүсүнө жооп берди.

Буга байланыштуу билдирүүнү «Талибандын» басма сөз катчысы Абдул Кахар Балха 25-октябрда твиттерге жазды.

Талибандын өкүлү Абдул Кахар Балхинин барагынан скриншот 

«Ооганстандын Ислам Эмиратынын ТИМи Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин ИЭА жетекчилерин кара тизмеден чыгаруу боюнча сөздөрүн кубаттайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ал талибдер «өз ара ыңгайлуу принциптин негизинде эл аралык коомчулук менен позитивдүү кызматташууну көздөйт» деп жазган.

Владимир Путин «Талибан» террористтик уюмун Орусиядагы террористтик уюмдардын катарынан чыгышы мүмкүн экенин 21-октябрда «Валдай» форумунда айткан. Анда Путин чечим БУУнун деңгээлинде кабыл алынат деп билдирген.

«Ошого байланыштуу тилектеш болуп, террористтик уюмдардын тизмесинен чыгаруу боюнча чечимди чыгарабыз. Менин оюмча биз буга жакындап келе жатабыз […] Орусиянын позициясы ушул багытта болот», — деген Путин.

Мурдараак Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы талибдер менен диалогго баруу керектигин айткан. Ал тургай тыюу салынган уюмдун өкүлдөрү менен Кыргызстандын жана Казакстандын элчилери дагы жолуккан.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Ооганстандын талибдер тарабынан басып алынышы

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышкан.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Талибдер аялдардын, этникалык азчылыктын укуктары боюнча көптөгөн убадаларды берген. Бирок убадалары иш-аракетине дал келбейт.

21-октябрда 20га чукул ооган кыз-келини аялдардын укугу үчүн маршка чыккан — «Талибандын» мүчөсү чет элдик фотографты куралдын башы менен чаап, тээп салган. Дагы бири журналистти чапкан. Аялдардын укугу үчүн сентябрдагы маршы кууп таркатылган.

Талибдер ооган аялдарынан бетин жаап жүрүүнү талап кылган. Бийликти басып алгандан кийин эле алгачкы аптада талибдер аялдарга «коопсуздук максатында» үйдөн жумушка чыгууга тыюу салган. Ооган аялдарына эркектердин коштоосу жок базардан тамак-аш дагы сатылбайт, ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагарда аялдардын поликлиникалары ишин токтоткон.