«Империя пиццыдагы» уулануу: Жабыркагандардын саны 179га жетти, алардын 18и — жаш балдар

«Империя пиццы» кафелерине тамактанганы баргандан кийин тамак-ашка ууланып меджардам сурап кайрылгандардын саны саат 11:00гө карата 179га жетти, алардын 18и — жаш балдар. Бул тууралуу 26-октябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Уулангандар Бишкек шаарында эле эмес, Чүй облусунда дагы аныкталды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда ооруканаларда уулануудан жабыркаган 50 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 12 жаш бала Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.

«Медиктердин айтымында, бейтаптардын абалы туруктуу. Калган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн», — деп билдиришти министрликтен.

26-октябрда Sputnik маалымат борборундагы брифингде Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова ооруканаларга жаткырылган уулангандардын абалы учурда орто оордукта экенин билдирди.

Анын айтымында бир апта мурун эле «Империи пиццыда» уулануу учурлары катталган. Ал кардарлар кафенин Asia Mall соода борборундагы филиалында ууланышканын билдирди.

«Ал жакта дагы экөө ууланган. Алар дагы суши-роллы жеген. Алар Темир жолчулардын ооруканасына кайрылышкан, уулануу жеңил болгон, ошондуктан алар үйүндө дарыланган», — деди ал.

Ошондой эле Есенгулова бул окуя жабыркагандардын саны 5ке жетпегендиктен массалык уулануу деп эсептелген эместигин билдирди.

Массалык уулануу

«Империя пицца» кафесинин ар башка филиалдарында массалык уулануу катталган. 23-октябрдан тартып Биштектеги Темир жолчулар ооруканасынын инфекция бөлүмүнө тамак-ашка ууланган жарандар кайрыла баштаган.

Саламаттык сактоо министрлиги 24-октябрда «Империя пиццы» кафесинде роллы жеген 12 киши ууланганын билдирген. 25-октябрда эртең менен уулангандардын саны 85ке жеткен. Ошол эле күнү күндүз уулангандардын саны 118ге чыккан.

Мындан кийин 25-октябрда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Империя пиццы» кафесинин бардык тармактык филилалдарын эпидиликтөө үчүн убактылуу жабуу чечимин кабыл алган.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги коомдук тамактануу жайларды текшерүүгө киргизилген 2018-жылдагы мораторий убактылуу алып салынгганын кабарлаган. Эми мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы коомдук тамактануу жайларын текшерет.