Коронавирустан үч адам каза болуп, 112 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 26-октябрга карата коронавирустун 112 жаңы учуру катталып, 99 бейтап айыгып чыкты. Ал эми үч адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаары — 43;

Чүй облусу — 42;

Ысык-Көл облусу — 11;

Жалал-Абад облусу — 7;

Баткен облусу — 4;

Талас облусу — 3;

Ош облусу — 2.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 180 74ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 175 196 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2658 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 680 бейтап, ал эми үй шартында 687 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.