Шайлоо алдындагы кайрымдуулук. БШК Ташиевдин үстүнөн келген доо арызды ИИМге жөнөттү

БШКнын координациялык тобу депутаттыка талапкер Шайырбек Ташиевдин үстүнөн ИИМге арыз тапшырды. Шайырбек Ташиев — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Бул тууралуу «Акипресс» басылмасына БШКдан билдиришти.

24-октябрда бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Боршайком парламент депутаттыгына талапкер Шайырбек Ташиевге карата арызды карайт деген маалымат тараган. Андагы маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Барпы айылынын тургундарынын бирине турак үй белек кылган. Ал үйдүн курулушун толугу менен өз чөнтөгүнөн төлөп бергени белгиленген.

Социалдык тармактарда үй ээсине ачкыч тапшыруу аземиндеги сүрөттөр 22-октябрда пайда болгон.

Бирок, мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгү учурунда депутатыкка талапкерлердин жакын туугандарына кайрымдуулук кылууга тыюу салынат. Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Ал тургай дал ушул Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан ат салышат.

Шайырбек Ташиев мамлекеттик кызматкер жана жеке ишкер болуп жүргөнү белгилүү.

Ташиевдин айтымында, ал эмгек жолун Жалал-Абад облустук мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүндө адис катары иштеп баштаган. 2001-жылы Бишкектин Октябрь райондук администрациясында иштеп, ошол эле жылы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде жетектөөчү адис болгон.