Сот Өчпөс отту өчүргөн балага 30 миң сом айып такты

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде милиция Бишкектин Жеңиш аянтындагы Өчпөс отту өчүргөн баланы кармаган. Отту өчүрүү процесси видеого дагы тартылган.

Анда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы бала отту «хайп» үчүн өчүрүп, «вандализм» кылганын мойнуна алганын кабарлаган.

Соттун бул боюнча чечими ортодон жарым жыл өткөн соң 26-октябрда белгилүү болду. Свердлов райондук сотунун басма сөз кызматынан «Клооптун» журналистине билдиришкендей, бул иш боюнча аталган жаран 22-июнда эле «Вандализм» беренеси менен күнөөлү деп табылган.

Сот ага карата 30 миң сом айып төлөө жана 30 сааттык коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарган.