ТИМ IV даражадагы ракка чалдыккан аялга кызы менен акыркы жолу көрүшүүгө көмөктөшөт

ТИМ Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу менен биргеликте Алина Батурованын жолдошу менен сүйлөшүү жүргүзөт. Мурдараак социалдык тармактарда оор абалдагы кыргызстандык аял күйөөсү беш жаштагы кызын көрүүгө уруксат бербей жатканын айтып, коомчулуктан жардам сурап кайрылган видео тараган.

ТИМден бул маселе мекеменин өзгөчө көзөмөлүндө экенин билдиришти. Алар окуянын чоо-жайы такталып жатканын кошумчалашты.

Акыркы каалоосу

Батурованын кайрылуусу социалдык тармактарга 24-октябрда чыккан. Анда 32 жаштагы аял IV даражадагы эмчектин залалдуу шишиги менен жабыркаганы, баш мээсине, өпкө-бооруна метастаз жайылып кеткени айтылган. Ошондой эле, аял паллиативдик* дарыланууда экени, ар төрт саат сайын морфин алып жатканы белгиленген.

*Паллиативдик жардам (ред. — абалды убактылуу жеңилдетүүчү чара) бейтаптарга онкологиялык оору өрчүшүп кеткен учурда, химиялык препараттар жардам бербей калган учурда көрсөтүлөт. Бул учурда дарыгерлер оорунун белгилерин гана дарылайт.

Батурованын айтымында, 3 жылдан бери илдет менен алышып келет. Кайрылууда кызын көрбөгөнүнө бир жылдан ашкан.

«Анын жолдошу Кордайда [Казахстан], кызын [энесине] көрсөтпөйт, келбейт, аялына жардам бербейт. Бул жылдар аралыгында Бишкектеги ата-энеси көмөктөшүп рак менен өз алдынча күрөшүп келет. Учурда Алинанын убактысы аз калды, акыркы каалоосу кызын көрүп, кучагына кысуу», — деп айтылат кайрылууда.

Батурованын өкүлдөрүнүн айтымында, аялдын күйөөсүнөн кызын энесине «жок дегенде бир күнгө» алып келип көрсөтүү аракеттеринен майнап чыкпай жатат.

«Ал абалы өтө эле оор аялын көргүсү жок, адам болбойт деп эч кандай байланышка баргысы келбейт. Онкологиялык борбордун куратору аялдын жолдошуна жеке өзү дагы бир нече жолу кайрылган, ал орой түрдө баш тартып, ага өлүм тилеп жатат. Кишинин энеси менен дагы сүйлөшүү жыйынтык берген жок», — деп айтылат кайрылууда.

Батурованын өкүлдөрү оорусу өтүшүп кеткен аялдын «акыркы каалоосун аткарууга көмөктөшүү үчүн» жолдошун «көндүрүп берүүнү» өтүнүп, анын туугандарына дагы кайрылышкан.