Караколдо аялдын өлүмүнө жарандык никедеги күйөөсү шектелүүдө

Ысык-Көл ОИИББнин басма сөз кызматы 27-октябрда Каракол шаарында батирлердин биринде аялдын сөөгү табылганын кабарлады.

Шектүү. Сүрөт: Ысык- Көл ОИИББнин басма сөз кызматы. 

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери көз жумган аял 42 жаштагы жергиликтүү тургун экенин аныктады. Кароодо аялдын денесинен «кан уюп калгансыган шектүү тактар» байкалган.

Аталган факты КЖБРге «Этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен катталып, экспертиза дайындалды.

Тергөө учурунда милиция шектүүнү кармады. Ал өлгөн аялдын жарандык никедеги жолдошу, 34 жаштагы Ак-Суу районунун тургуну болуп чыкты. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү жаран эки айга камакка алынды. Иш боюнча тергөө уланууда.